Нарын облусунун Ак-Талаа районунунда май сактоочу резервуардын ичин тазалап жатып, ата-бала күйүүчү майдын жытына ууланган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 52 жаштагы жана 18 жаштагы ата-баланы резервуардын ичинен чыгарып, “Тез жардам” кызматын чакырып, алар жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Натыйжада 52 жаштагы И.Э аттуу жаран ооруканада каза болгон. Ал эми анын уулу Э.Э.нин абалы оор экени айтылууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз