Нарындын Эмгек-Талаа айылында Нарын дарыясынын жээгинен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Бул 7-мартта Орто-Нура айылында Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан 8 жаштагы баланын сөөгү экени белгилүү болду.

Эске салсак, бөбөк марттын башынан бери изделип жаткан. Ал тестиер балдар менен муз тээп ойноп жүрүп сууга түшүп кеткен.

“21-апрель күнү саат 19:50лөр чамасында Эмгек-Талаа айылында Нарын дарыясынын жээгинде адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине төрт куткаруучу тартылып, анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Суу жээгинен табылган сөөк буга чейин Орто-Нура айылында дарыяга чөккөн бала экенин туугандары тастыкташкан”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, куткаруучулар, жергиликтүү тургундар баланы бир ай бою издешкен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.