КСДПнын айтылуу жамактатып сүйлөгөн депутаты Рыскелди Момбековдун карапайым калктын кычышкан кулагынын жарпын жазчу жакшы эле өнөрү бар. ЖКнын залын заматта сахнага айландырып, шаңга бөлөп жиберчү талантына көп эле күбө болуп жүрөбүз. Жогорку Кеңеште расмий бийликке карата оппозиция жок болсо да Рыскелди мырзанын анча – мынча шакабасы менен кемчилиги толо түшкөндөй да таасир калтырат.

Өткөндө КСДПнын курултайында адатынча жакшы эле куюлуштурду.  Экс-президент А. Атамбаевге карап, шайла дедиңиз шайладык, танда дедиңиз тандадык, эми жайла деп жататсыз жайлай албайбыз –деп, бир аз шефинин ачуусуна тийип алгандай да болгон. Рыскелди мырза мындай “өзгөчө” таланты менен эки ортодо ойномой адаты да бар.

Мындай дегенибиз, президент Сооронбай Жээнбековду да досум деп, шефинин  (АША) кылык жоругун кайталап жибермейи байкалган. Анан эле Өлкө башчысынын Жогорку Кеңештин жалпы жыйынындагы элге кайрылуусун капталдан чыга калып, бул кайрылуу эмес, кайгыруу болду деди. Же анысын далилдүү бир жагдайлар менен түшүндүрүп бере алсачы. Айтор, ушундай…

Эми болсо Рыскелди Момбековдун КСДПнын төрагасынын орун басарлыгына  шайланганы кабарланды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз