Ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажынын кызматкерлери тарабынан  2019-жылдын 16-март күнү болжол менен саат 05:40 чамасында Ош шаарында А уулу Мдин башкаруусундагы  “СКАНИЯ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автомашина токтотулуп тешерүүгө алынган. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы текшерүүсүнөн тышкары чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жашылча – жемиштин түрлөрү табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1 068 940 сомду түзөт жана салмагы 11 960 кг.

Бул мыйзамсыз иш – аракет Маалыматтарды каттоо журналына жана АИС ЕРППга катталып, материалдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.