Ыкчам бажынын кызматкерлери тарабынан Ош областына караштуу Кара-Суу районунда Баткен-Ош-Бишкек жолунда Т. Д. А аттуу адамдын башкаруусундагы  “DAF XF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа  чиркегичи менен токтотулуп, текшерүүгө алынган. Бул тууралуу  Бажы кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы текшерүүсүнөн тышкары чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан кургатылган жемиштин түрлөрү табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 24 530,3 кг. баасы 500 000 сомдон ашык.

Бул учур Маалыматтарды каттоо журналына жана АИС ЕРППга катталып, материалдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз