2019-жылдын 25-февралында болжол менен саат 16:00 чамасында  ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Лейлек-Баткен авто жолунда Ю. Ш. Энин башкаруусундагы “DАF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп текшеришкен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Жогорудагы автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда бажы текшерүүсүнөн тышкары чектеш мамлекеттен ташылып келе жаткан 10 тоннадан ашык 1490 желим кутучага салынган жүзүм табылган.

Бул учур МКЖга катталып, чогултулган материалдар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз