МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН МАЙНИНГ-ФЕРМАЛАР АНЫКТАЛДЫ
Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан электр тармагына ири зыян келтирген майнинг-фермалардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
“Ыкчам-тергөө иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагынан майнинг-ферманы иштетүүгө электр энергиясы мыйзамсыз берилгенин тапты. Андан сырткары, электр кубатын керектөөдөн ири пайда таап, андан улам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө кирбей калган ири өндүрүш ишканаларын аныктады” – деп айтылат маалыматта.
Аталган факт УКМКнын сотко чейинки өндүрүшүнө катталган. Кылмыш ишинин алкагында төмөнкү даректер боюнча майнинг-ферма иштерин уюштуруу үчүн 2000ге жакын жабдуу алынган. Учурда УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.