Нарындагы №33 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон төрт кишиге 7500 сомдон айып пул салынды. Мелисбек Жунусов, Чынгыз Капаров, Алмазбек Баатырбеков жана Улан Бакасов эреже бузуу менен үгүт жарнамаларын мектепке жана мечитке жакын жерге илгени тууралуу маселе Борбордук шайлоо комиссиясында каралды.

Жумушчу топ аталган талапкерлер “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузган деп, аларга айып пул салууну сунуш кылды. Бул сунуш БШКнын 21-ноябрдагы жалпы жыйынында колдоо тапты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.