Нарын районуна караштуу Ак-Кыя айылынын М.Бекмуратов атындагы орто мектебинин мугалимдери тарабынан окуучулардын кышкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүү максатында спорттук мелдеш уюштурулду.

Мелдешке окуучулар менен бирге мугалимдер да катышып, муз үстүндө кызыктуу оюн өткөрүштү. Таймаштын жүрүшүндө балдар арасында хоккей оюну өткөрүлүп, кыздар чана тебүү мелдешине түшүштү. Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн окуучуларга агай-эжейлер даярдаган баалуу белектер берилди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз