Кезинде Кыргыз ССРнин тышкы иштер министри болуп иштеген кыргыздын чыгаан кыздарынын бири Ташыбекова Жамал Чоюбековна 83 жашында каза болду.
Жамал айым 1980 – 1986 – жылдарда бир эле учурда Кыргыз ССРнин министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри болуп эки ишти айкалыштырып иштеп турган.
Ошол убакта Кыргызстан менен Кытайдын алака мамилелерин арттырууда чоң салым кошкон.
Жамал эже өмүрүн элге жана өлкөгө арнап, ардактуу эс алууда жүргөн учурунда да бир катар мамлекеттик жана коомдук иштерде иштеп жүрдү.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.