Мурдагы премьер – министр Сапар Исаков бүгүн УКМКга кирип бара жатып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сапар Исаков: “Менде камакка алуу коркунучу жок. Ал үчүн укуктук негиз керек. Адам мыйзамды бузганда, ыплас иштерди жасаганда камакка алынышы керек. Мен тазамын.

ЖЭБдеги баалардын жогору көрсөтүлүүсүндө мен жоопкер эмесмин. Ал учурда биз Кыргызстанга сырттан инвестиция тартып келишибиз керек эле. Ал боюнча тергөө жүрүп, чындык айтылышы керек. Эл аралык аудит өткөрүлбөсө биз чындыкты айта албайбыз” – деди.

Эскерте кетсек, УКМК С. Исаковду бүгүн түштөн кийин суракка чакырган болчу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.