Бүгүн 15- сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынды.
Экс министрге ” Шалаакылык” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу ” беренелери боюнча айып тагылды.
Белгилей кетсек Чолпонбаев таажылуу вирус пандемиясы башталган тушта саламаттыкты сактоо министри болуп туруп, эпидемиологиялык абалдын курчуп кетишине алдын ала жетиштүү чараларды көрө албагандыгы белгиленип кызматынан алынган болчу.
Бүтүндөй коомчулук саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердигине катуу сын айтып келген.
Эми ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да кезек жетет өңдүү.
Анткени Космосбек Чолпонбаевдин иши боюнча тергөө материалдарына Абылгазиевдин фамилясы кошулгандыгы маалымдаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.