Бүгүнкү сотко атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталинов келген жок. Анын жактоочулары  Майрамбек Жумабеков менен Тимур Карабаевдин маалыматына караганда, ал катуу ооруп жаткандыгына байланыштуу келе алган эмес.

Ошентсе да анын туугандары, жердештери Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышып, анын боштондугун талап кылышууда.

М. Суталиновдун келбегендигине байланыштуу сот 7-майга жылдырылды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз