Билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин шайлоого байланыштуу иштерге тартууга тыюу салынарын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-ноябрда парламенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жыйынында сүйлөп жатып эскертти.

Жапаров бийликтин милдети – жарандардын эркин билдирүүсү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуу экенин белгилеп, добуш берүү бекеттери керектүү жабдуу, байланыш жана интернет менен жабдылганын айтты.

Ошону менен катар ал таажылуу вирус пандемиясына байланыштуу ар бир шайлоо бекетинде тийиштүү санитардык талаптар сакталышы керектигин белгиледи. Шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.