Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын 19-майдагы протоколдук чечимине ылайык, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын башчысына сынак 21-майда өтөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 22-майда Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна, 24-25-май күндөрү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө сынак өтөт.

Муфтий болуу үчүн тапшыргандардан алты талапкердин документтери туура келди. Буга чейин муфтияттын башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылып, 29-майга белгиленген. Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

10-февралда атайын кызмат мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.