Жакында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жаранын аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, 2000-жылы туулган М.А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнө (топтошуп жасалган бейбаштык) айыпталып, тергөө органдарынан жашырынып жүргөндүгү үчүн издөөгө алынган.

Ал мыйзамсыз иш-аракетти 2017-жылы августта өзүнүн достору менен биргеликте бейбаштык кылышып, коомдук тартипти жана коомдо жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин одоно бузушуп, Кызыл-кыя шаарынын коомдук жайларынын биринен өзүнүн курдашынын денесине жаракаттарды келтирген. Андан соң, 2 жыл бою Россия Федерациясынын Москва шаарында жашырынып жүргөн.

Издөөгө алган тарап маалымдалып, азыркы учурда М.А. аттуу жаранды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз