Ташкент- Москва багытында Орусияга учуп барган өзбек жараны таксист тоноочулардын курманы болду. Бул тууралуу белгилүү өзбек басылмасы жазып чыкты. 

Атын атагыс келбеген жигит 7миң рубль берип уурулардын колунан кутулган.

Аны тоногондордун бири өзбек жараны болгон.  

” Ташкенттен Домодедово аэропортуна учуп келдим. Жанымс 35-37 жаштардагы адам келип Хоразм диалектисинде сүйлөдү. Таксилер 1000-800 рублдан алып кетерин, ал шашып жаткандыктан 100 рубль берсем жетерин айтты. Жолдо келе жатып башка жакка буруп кетти, мен эмнеге бурулганын сурасам май куюп алуу керек экендигин айтты. Белгисиз  бир жерге келгенде аркада уктап жаткан шериги ойгонду. 

Акча сурады, мен 100 рулб бердим. “Сен 6750 рубль төлөйсүң! ,- деди. Менде акча жок экенин айттым, ошол учурда биздин жаныбызга ДПС келди. Терезелерди уруп жардам сурап кыйкырдым, бирок алар көрмөксөн болуп койду. Акыры досторум алардын картасына акча жөнөтүп андан соң мени бошотушту”,- дейт уурулардын курманы болгон жигит.

Домодедово транспорт милициясы мындай жагдайда тез милиция бөлүмдөрүнө кайрылуу керек экендигин кабарлайт.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз