Москвада миллиардердин баласы каза болгон жол кырсыгына А.И. аттуу  кыргыз жараны күнөөлөнүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 8-июль күнү Москванын чоң көчөлөрүнүн биринде болгон. Анда мотоцикл менен такси унаасы кагышып кеткен. Таксист 22 жаштагы кыргызстандык бала экендиги такталган.

Жол кырсыгы көчөдөгү көзөмөл камерасына түшүп калган.  Видеодон такси жашыл жанганда жылып баштаганын көрүүгө болот. Жыйынтыгында мотоциклист катуу ылдамдыкта келип унаага сүзүлгөн.

Мотоциклди башкарып бара жаткан адам алган жаратынан улам, 2 саат операция жасалганына карабай ооруканада жан берген. Ал Орусиядагы миллиардер Владимир Маруговдун баласы болуп чыккан. 

Кечээ, 9-июлда Таган райондук соту Кыргызстандын жаранын эки айга камакка алган.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз