ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМдин аймактык түзүмдөрүнүн бөлүмү Кыргызстандын жасалма паспорттору менен айдоочулук күбөлүктөрүн колдонгон кезектеги учурду аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын июнь айында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу өлкөнүн жараны (аял киши) 1978-жылы туулган Х.К. аттуу адам, сый акы берип такталбаган жарандар менен макулдашып алып,  Кыргызстандын жаранынын паспортун (ID-card) өзүнө мыйзамсыз алган. Андан соң ал Россия Федерациясынын аймагында жүрүү үчүн миграциялык каттоого турган. Бирок, паспортто көрсөтүлгөн маалыматтар паспорт ээсинен 10 жаш кичүү болгон Кыргызстандын жаранына таандык экендиги аныкталган.

Жогорудагыдай кызматтарга баруу менен жарандар кылмыш кылып жатышат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз