Орусиянын Москва шаарында 18 жаштагы  Гүласал аттуу кыргызстандык кыз сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу кыргыз диаспорасыныны өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кесиптештери менен эс алып жатып, Москва дарыясына чөгүп кеткен. Куткаруучулар 20 мүнөттөн соң суудан алып чыккан. 

Маркумдун сөөгү бүгүн Кыргызстанга жөнөтүлөт. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан экени аныкталды.  Москвадагы кытай кафесинде эки жылдан бери иштеп жүргөн.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз