Москва шаарындагы “Шереметьево” аэропортунда күйүп кеткен учакка учкучтар өздөрү себепкер болушу да мүмкүн. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Эксперттердин пикиринде, конуу алдында алар кыймылдаткычтардын иштөө режимин кескин көбөйтүп, ошол эле маалда учактын тумшугун ылдый түшүрүшкөн. Мындан тышкары учак жерге катуу урунуп баштаганда учкучтар аны кондурууну улантышкан, эреже боюнча бул учурда кайрадан асманга көтөрүлүү керек болчу.

“Sukhoi Superjet” учагына тийген чагылган бортко маселе жараткан, бирок ал анчалык опурталдуу болгон эмес. Анда генераторлор токтоп, аккумулятордук батареялар иштеп баштаган. Мындан соң учуу түз башкаруу режимине өткөн, учкучтардын ыктымал катачылыктарын оңдоп турган борттогу компьютер иштебей калган. Генератор иштебей калган учурда эмне кылуу керектиги бортто жазылган. Учакты чыгаргандар ырастагандай, ал абада жетиштүү убакыт кармалып турууга кудуреттүү, экипаж жакынкы аэродромго учуп жетүүгө үлгүрмөк.

Маалыматтарга караганда, учкучтар менен диспетчерлердин сүйлөшүүлөрү иликтенип чыккан, борттогу жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган жок деген авариялык кырдаал тууралуу белги берилген. Буга байланыштуу учак токтогон жерде өрт өчүрүүчүлөр күтүп турган эмес.

Белгилей кетсек, 5-майда Москванын “Шереметьево” аба майданындагы учак кырсыгында 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү каза тапкан. Жалпы 78 адам бара жаткан аба кемесинде 37 гана киши аман калды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз