Москва шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган жарандардын бирөөсү Ош облусунун Өзгөн районунун туруну, 1988-жылы туулган С.Х. аттуу жаран. Ал Кылмыш-жаза кодексинин аткезчилик, баңгикаражаттарын сатуу боюнча  шектелип, издөөгө алынган. Учурда жоопкерчиликке тартуу үчүн С.Х. аттуу жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.

Экинчи кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан айып тагылып, издөөгө алынган.

Бул жаран ЖЧКнын жетекчиси учурунда 2015-жылдын июлунан баштап 2016-жылдын декабрына чейин ири суммадагы салыктарды жана камсыздандыруучу төлөмдөрдү чегербей качып жүргөн. Азыркы учурда ЖЧКнын карызы 3 000 000 сомду түзөт. Издөөгө алган тарап маалымдалып, Д.С. аттуу жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз