Москвадагы Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгүнө 21 жаштагы кыргыз кыз кайрылган. Ал мурда жарандык никеде жашап жүрүп ажырашып кеткен  күйөөсү уруп-сабап, эркинен тыш зордуктаарын айтып арызданган. 

КР ИИМден билдиришкендей, арызда бир нече күн мурда күйөөсү аны ижарага алынган батирде  мыкаачылык менен зордуктаганы белгиленген. Арыз ээси эркектин кордугунан жадаганын айтып, ага карата кандайдыр бир чара көрүүнү суранган. 

Мындан улам 1983-жылы Ош облусундагы Кара-Суу районунда төрөлгөн Кыргызстандын жараны кармалган. 

Факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө. 

Булак: NewTV

 

     

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.