Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышып, өндүрүштүк базасы жана чыгарылган продукциялардын үлгүлөрү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биз инвесторлорду колдоп, мындай өндүрүштөр көп болушу үчүн алардын маселелерин чечүүдө көмөктөшүүгө тийишпиз. Быйыл өлкөдө бир катар жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы пландалууда. Либералдык салык тутумун эске алганда, өндүрүштү өстүрүү жана экономиканы бекемдөө үчүн бизде бардык шарттар бар», – деп ырастады.

«Бишкек» Эркин экономикалык аймагында жайгашкан монолиттик биметаллдык радиоторлорду чыгаруучу заводдун Борбор Азия боюнча аналогу жок. Заводдо куюучу цех, механикалык цех, боёо цехи, таңгактоо цехи жана даяр продукциянын кампасы бар. Толук кандуу ишке берилгенде завод 500дөн ашуун жумуш ордун түзөт. Заводдун продукциясы ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттоого багытталган.

Учурда «Бишкек» ЭЭА аймагында 303 субъект экономикалык ишмердүүлүгүн жүргүзөт, алардын ичинен 69 субъект – өндүрүшчүлөр. «Бишкек» ЭЭА субъекттери 123 аталыштагы товарларды өндүрүшөт, анын ичинде 63 түрү чет жактарга экспорттолот.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз