Эмне үчүн “Манас” эпосундагы каармандардын аттары алкоголдук ичимдиктерде дагы деле колдонулуп жатат? Мындай суроону депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты.

“Кыргызстанда “Манас” үчилтиги жөнүндө мыйзам бар, анда алкоголдук ичимдиктерди жана чылымдарды эпостогу каармандардын аты менен атоого тыюу салынган. Бирок, бизде эпостун каармандарынын ысымы менен алкоголдук ичимдиктер бар, демек мыйзам бузулуп жатат. Буга ким жооп берет?”, -деп суроо салды Момбеков.

Экономика министри Эльдар Абакиров билдиргендей, аталган маселе боюнча комиссия түзүлгөн. Бирок продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн мыйзам боюнча 10 жылга чейин пайдаланууга укугу бар экендигин билдирди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз