Россия өкмөт башчысына талапкерлиги сунушталып жаткан Михаил Мишустин жаңыдан куралчу өкмөттүн курамында өзгөрүүлөр болорун айтты. Ал мындай билидирүүнү ««Единой Россией» фракциясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда токтолду.

Михаил Мишустин: “Өкмөт мүчөлөрүндө өзгөрүүлөр болот. Фракция лидерлери менен өкмөт мүчөлөрүн аныктайбыз. Албетте, жалпы реформалар керек. Мындай кадамдар башкаруу тармагында жүргүзүлөт. Өзгөчө маалыматтык технологиялар тармагында иш алып барабыз. ”,-деди.

Мындан сырткары Мишустин улуттук программа катары “Санариптик экономика” менен алектенерин билдирди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.