Мирлан Жеенчороев:  “Биз бүгүн өлкөдө болуп жаткан абалды чечип беришибиз керек. Өзүбүздүн бир пикирди билдиришибиз зарыл. Андайга бара албасак, өзүбүздү өзүбүз таркатышыбыз керек”,-деди.  Мындай пикирин  депутат Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында айтты.

Эске сала кетсек, Кечээ  Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн алып кетүү аракети болуп, эки тараптуу кагылышуудан жай тургундардан жана күч кызматкерлеринен жалпы 52 адам жараат алып, алардын бири каза тапты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.