Кыргызстанда таажылуу вируска каршы эмдөө бүгүн, 29-мартта башталды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде илдетке каршы вакцинациянын биринчи этабы боюнча брифинг өттү. Андан соң министр Алымкадыр Бейшеналиев жана медиктер вакцинанын биринчи дозасын алышты.

МИНИСТР ТААЖЫ ВИРУСУНА КАРШЫ ЭМДЕЛДИМИНИСТР ТААЖЫ ВИРУСУНА КАРШЫ ЭМДЕЛДИ

Буга чейин Ош шаарына жана Чүй облустарына вакцина жеткирилген. Республиканын бардык аймактарында медкызматкерлер үчүн атайын окутуулар да өткөрүлгөн.

Эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.