Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерине издөө жарыялады. Маалым болгондой, жаран Октябрь райондук милициясынын кызматкери 135 миң долларын алдап алып, ар кандай шылтоолор менен бербей жатканын айтып арыз жазган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызмат абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жасоо) менен иш козголду.

Учурда Биринчи Май райондук соту милиция кызматкерин камакка алуу чечимин чыгарып, кылмышка шектүү изделип жатат. УКМК бул адамдан жабыркаган жарандар болсо, (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, (0702) 23-32-43 WhatsApp номерине, ошондой эле аймактык башкармалыктарга байланышып коюуну өтүнөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.