Былтыркы жылы Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 13,2 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

“2020-жылдын январь-декабрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 707 миң адамга 31,1 миллиард сом насыя берилген. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 13,2 пайызга, каражаттын көлөмү 3,2 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт”, – деп айтылат маалыматта.

Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош жана Жалал-Абад облустарынын, Бишкек шаарынын, ошондой эле Чүй облусунун тургундарына берилген. Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 33,6 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат.

Экинчи орунга керектөөчүлүк, үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.