Бишкек шаарынын Мэриясынын чечимине ылайык баш калаабыздагы коомдук тамактануучу жайларда кафе, ресторан, тойканаларда Куран окутуу, тойлор өткөрүлсө кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартыла турган болду.
Мындай катаал кадамга барууга борборубузда санитардык, эпидемиологиялык абалдын курчуп кетпешинн алдын алуу чарасы аргасыздыгы болгон.
Эң туура болду!
Антпесе эч ким тоготпой эле той өткөрүп, Куран окутуп жатышат.
3000 сом айып пул деген болбогон чара болчу.
Акыркы маалыматтар боюнча тойканаларда той өткөрүү үчүн кезекке жазылуу эки айга чейин узарып, кадимкидей эле тойлор топурап баштаган болчу.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.