МЕКТЕПТЕРДИН ТЕХНИКАЛЫК АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛЕТ
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берди. Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай чечим 17-майда Терек-Сай айылындагы мектептин шыбы урап түшкөн окуя талкууланган жыйында кабыл алынганын кабарлады.
“Министрлер кабинетинин башчысы билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды”, – деп айтылат маалыматта.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте бир мугалим, 16 окуучу болгон.
Алар Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилип, мугалим жана төрт окуучу ооруканага жаткырылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги алардын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.