Мектеп окуучулары үчүн окуу жылынын башталышын 10-сентябрга жылдыруу жөнүндө сунуш өкмөттө каралган соң, июнь айында чечилет. Министрлик окуу жылынын башталышын 10-сентябрда баштап, 31-майда аяктоону сунуш кылууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева  билдирди.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын аякташы менен аткарылган иштери боюнча коомчулукка маалымат берди.

Андагы маалыматтарга караганда, акыркы жылдары өлкөдө мугалимдердин саны кескин түрдө көбөйүп кеткен. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында аз саат менен иштеген мугалимдерди кыскартуу боюнча январь айында буйрук чыккан. Учурда кыскартылган мугалимдерди кайрадан окутуп, даярдоо маселеси каралууда.

Аймактарды өнүктүрүү максатында республика боюнча 60 “Өсүү борборлору” түзүлсө, алыскы аймактарда жалпы саны 10 миңге жакын балдарды камтыган 120 бала-бакча ачылган.

Башталгыч класстын окуучулары үчүн атайын “Билим кж” сайты иштей баштады. Сайт мугалимдерге сабакты чыгармачылык менен түшүндүрүүгө, өздөштүрүүнүн кызыктуу жана пайдалуу жолдорун ачат. Ал эми окуучулар үчүн материалдарды өз алдынча үйрөнүүгө, сабакка даярданууга, билимин бекемдөөгө жана дүйнө таанымын кенейтүүгө шарт түзөт.

Сайттан мугалимдер менен окуучулар 2 тилдеги көп сандаган видеоматериалдарды, кеңири аудиотеканы, интерактивдүү тексттерди  жана көнүгүүлөрдү, дүйнө таанымды кеңейтүүчү кызыктуу фактыларды табууга болот. Ошону менен катар эле билим берүү системасы үчүн, окуу китептеринин, ошондой эле  мугалимдердин жетишсиздигин жеңилдетет.

Эске сала кетсек, ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков окуу жылын 20-сентябрда баштоону сунуш кылган эле.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз