Быйыл Кыргызстандын дагы беш шаарында мектепке электрондук каттоо долбоору иштеп баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, электрондук каттоо долбоору өлкөнүн Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында эки жылдан бери иштеп жатат. Аталган калааларда баланы 1-класска электрондук каттоо 15-февралда старт алып, 15-августта аяктайт.

“Быйыл бул долбоор Каракол, Нарын, Баткен, Талас, Кара-Суу шаарларына да киргизилди. Бул жерлерде электрондук каттоо 15-апрелде башталып, 15-августта бүтөт”, – деп айтылат маалыматта. Айрым аймактарда электрондук каттоо кийинчерээк башталганы менен шарттары, жол-жобосу бирдей экени кошумчаланды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.