Москвада мектепке бычак менен келген окуучуну милиция кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу РИА Новости порталы жазып чыкты.

Маалыматта,  өспүрүм  ата-энесинин көзөмөлундө укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, учурда алар менен адистер иш алып барууда.

Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Эртең менен 9-класстын окуучусу мектепке бычак менен келген, аны күзөтчү  байкап калып кармап калган. Окуучулар эвакуцияланып, имараттан сыртка чыгарылды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз