“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы биринчи жолу кайрылуу жасады. Саясий уюм 12-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоо өтө турган шаарларда калктын санынын жасалма көбөйүүсүнө байланыштуу тынчсызданып жатканын билдирди.

Алдыдагы шайлоону утурлай Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаарларында ички мигранттардын жапырт каттоого туруу учуру  Кыргызстанда көз боемочулук менен алектенген күчтөр бар экендигин көрсөтүүдө. Партиянын көз карашында, мындай аракеттер шайлоонун чыныгы жыйынтыктарын бурмалоо үчүн колдонулушу анык.

Парламенттеги депутаттардын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери өздөрү мыйзам бузууда.

“ Мамкаттоонун айрым кызматкерлери өздөрүнүн батирлерине 400-500 кишини каттоого койгон. Укук коргоо жана улуттук коопсуздук боюнча органдары бул маалыматтарды текшерип чыгып, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө териштирүүнүн жыйынтыктары менен коомчулукту тааныштырууга милдеттүү”, – деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле, “Мекеним Кыргызстан” партиясы шайлоо жыйынтыктарын бурмалоого жол бербөө үчүн 2020-жылдын 12-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө турган калааларда паспортторду алмаштырууну токтото турууга чакырууда.

Чектөө 2- апрель,  тагыраагы шайлоочулардын тизмесин тактоо күнүнө чейин киргизилиши керек. БШК жана тийешелүү органдар алдын ала тандоо өнөктүгүнүн  жыйынтыктарына таасир этүүчү ар кандай аракеттерге бөгөт коюп, жок кылуусу зарыл. Болбосо, Кыргызстандын шайлоо өнөктүгүнө болгон ишенимге олуттуу доо кетет.

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы алдыдагы шайлоолордо ыплас технологияларды колдонуудан баш тартууга чакырат. Эгерде партия ачык күрөштө таза жана адал добуш алса гана эл тарабынан жеңүүчү катары таанылат.

Эске салсак, Ош шаарында бир ай ичинде 33 миң 805 адам каттоосун өзгөрткөн, ал эми Токмокто-6 миң 950, Караколдо- 2 миң 798.

Президенттин жергиликтүү шайлоолор 2020-жылы 12-апрелде өтүшү тууралуу жарлыгы чыккан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.