Кытайдагы клиникалардын биринде англис тилин билбеген медайымдын бейтапка калтырган каты көпчүлүктү таң калтырды. Бул тууралуу Reddit порталына таянып РИА Новости жазып чыкты.

Оорукана кызматкери кытай тилин билбеген  чет элдик  бейтапка жагдайды сүрөт менен түшүндүрүүгө аракет кылган.

Медайым оорулуу түнкү ондон кийин тамак жебей, суу ичпей тургандыгын, себеби эртеси саат 08:00дө операция болорун айткан.

Медайымдын бейтапка жазган каты соцтармакты дуу кылды (сүрөт)

Соцтармак колдонуучулардын бир тобунун бул жазууга күлкүсү келсе, кээ бирлеринин жини келген.

“Суу, тамак түгөндү, эртең саат сегизде сени жейбиз деп турат”, – деп жазгандар дагы жок эмес.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.