Өз балдарын зордуктагандарга өлүм жазасы берилсин. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Исках Масалиев билдирди.

“Акыркы жылдары бизде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук чектен чыгып кетти. Өзүнүн 3-4 жаштагы балдарын зордуктаган аталарды эмне деш керек. Мындайлар барган сайын көбөйүп кетип жатат. 2020-жылдан тартып Концитутцияны өзгөртүүгө биздин укугубуз  бар.  Мен өкмөттөн суранат элем, мына ушундай кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайтарып бергиле, сунуштагыла. Андайларды абакта бир топ жыл багып, карагандын зарылчылыгы жок. Өз баласын зордуктагандар адам эмес айбан”,-дейт Масалиев. 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.