Бүгүн, 21-май күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялады.

Ошондой эле ал 4 жолу депутат болуп Парламенте айтылган мынчалык сын-пикирди уга электигин айтты.

“Мен төрт жолу депутат болуп шайландым. Бирок 15 жыл ичинде Жогорку Кеңешке айтылган мынчалык сын-пикирди уга элекмин. Бул чоң жетишпестик. Ошол эле учурда Парламенттин төрагасы сын-пикирлерди чычалабай туура кабыл алышы керек. Сиз кээ бир учурда депутаттарды кагып-силкип, өкмөткө адвокат болуп алдыңыз. Бул – сиздин ишти билбегениңиз, кемчилигиңиз. Мен депутаттык мандатымды 25-майда тапшыруу чечимине келдим. Ушул жаңылыкты сиздер менен бөлүшүүнү туура таптым”,- деди Масалиев.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.