Мас жигит терезеден таштап жиберген наристени жолоочу киши куткарып калды. Бул туурасында орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,окуя 6-июнь күнү Орусиянын Свердловский облусунда болгон. Анда жаш жигит конокко келип, ичимдикке тоюп алгандан кийин таанышынын 3 айлык баласын 1-кабаттан таштап жиберген. Ал учурда ымыркайдын апасы дүкөнгө чыгып кеткени аныкталды.

Бейтааныш киши жолдон өтүп бара жатып, терезе сынганын уккан. Эмне болгонун билүү үчүн келгенде мас адам баланы таштайын деп жатканын көрүп ,чуркап наристени тосуп калууга үлгүргөн. Бактыга жараша бала эч кандай жаракат алган эмес.

Жаш жигитке кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ал эми азыр баланын мындан ары ал үй-бүлөдө калып же калбай тургандыгы каралып жатат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз