Талас облустук прокуратурасы тарабынан “Түндүк электр” ишканасынын Манас райондук электр тармактарынын айрым кызмат адамдары коррупциялык аракеттерге баргандыгы аныкталды. Анын кесепетинен мамлекетке 3 миллион сомдой зыян келтирилген дешет Башкы прокуратурадан.

Белгилүү болгондой, Манас райондук электр тармактар ишканасынын кызмат адамдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары менен туруктуу байланыш түзүп, турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк абоненттердин колдонгон электр энергиясы үчүн накталай төлөмдөрдү “XENON” жана “IBS” базаларына киргизбей, каражаттарды өздөрүнө ыйгарып жүрүшкөн.

Ал эми төлөмдөрдү бюджеттин акчаларынын эсебинен бурмалап, жаап келишкендиги тастыкталган. Алдын ала эсеп боюнча, мамлекетке 2 миллион 800 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.