Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында 11-июнь күнү “Манас” операсы көрсөтүлдү.  Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

Операны 200дөн ашык кишиден турган Кытай Эл Республикасынын Борбордук опера театры тартуулады. 

“Манас” операсы Кытайда 2017-жылдан бери 9 жолу коюлуп, жогорку баага татыган.  Ал Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган.

Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы “Манас” эпосунун негизинде жазылган. “Манас” эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн. 

Өткөн жылы Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарынын алкагында да бул опера көрсөтүлгөн.

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз