Көк бөрүчү Манас Ниязовдун 2016-жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын «Инстаграмдагы» расмий баракчасына  жарыяланды.

Федерация аукциондон түшкөн каражатты ушул жылдын май айында жараат алган улакчы Дастан Жакеевге жардам иретинде берет.

Ниязовдун формасына баштапкы баа 2 миң сом деп коюлган, аукциондун экинчи күнүндө 40 миң 500 сомго чейин көтөрүлдү. Аукцион 19-январда жыйынтыкталат.

Дастан Жакеев өткөн жылдын май айында «Ак кула» ат майданында өткөн Чүйдүн көк бөрү чемпионатында аттан жыгылып кырсыктап калган. Азыр ооруканада дарыланууда. Өз алдынча баса албайт.

 

View this post on Instagram

Урматтуу көк бөрү сүйүүчүлөр! Манас Ниязовдун @niyazov_manas 2016 жылы II Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында кийген формасы аукционго койулат! Аукциондон түшкөн каражат Дастан Джакеевге (ℹылдыйда маалымат бар) толугу менен берилет! Уткан адамга Манас өз колу менен тапшырат. ➡️ Баштапкы баасы – 2000 сом; Эң чоң сумма сунуштаган адам утат. Аукциондун шарттары: 1. Аукционго 18 жаштан өйдөдөгүлөр катыша алат, жеке өздүк, аккаунттар кана катышууга укуктуу; 2. Ар бир кадам сунуштоо 100 сомдон өйдө болушу керек; Коментарийлерди окуп чыгып анан сунуш бериңиз. Сунуштаган сумма толук жазылыш керек (мисалы: 25 000 сом); 3. Тамашалап, же болбосо сөзүнө жооп бербегендер кара тизмеге бүт көк бөрү баракчаларында киргизилет; 4. Сунуштамаларды төмөндө, коментарийде жазгыла; 5. Сунуштама берген адам менен өзүбүз байланышабыз (Акыбаева Айжан @aijan_akybaeva же Сыргакова Альбина @syrgakova.albina) ℹАукцион 19 январьда, саат 21:00дө токтотулатℹ Толуктоо: эгерде 2 күн ичинде акыркы сунушталган суммадан өйдө сунуш койулбаса жеңүүчү аныкталат ℹ тастыктабай калса, кийинкиге сунуштаганга өтөт. Кайрымдуулука кайдигер карабай активдүү катышып бериңиздер🤝 Максималдуу РЕПОСТℹ Маалымат: ℹ @djakeev99 Дастан Джакеев аттуу бир-тууганыбыз, ушул жылдын май айында, Ак-Кулада өткөн Чүйдүн көк-бөрү боюнча чемпионатында аттан катуу жыгылып кырсыктап калган. Дастан 1999-жылы Ысык-Ата районунда туулган. Кырсык болгон күнгө чейин 2 ай мурун армиядан жаңы келген. Азыркы учурда Бишкекте дарыланууда. Абалы орточо. Өз алдынча баса албайт. Ар дайым ата-энесинин көзөмөлүндө. Ошол себептен, кайдыгер карабаган калың журттан жардам сурайбыз. Тууганыбыздын дары-дармектерине акча жактан жардым берели. Көптөгөн кымбат процедуралардан өтүп, ата-энеси азыр акча жактан кыйналууда. #кокборукыргызспортунунжузу #бишкек#kokboru #kokpar #kupkari #buskashi #ош #нарын #манасниязов #кокбору #кокпар #купкари #бузкаши #кочевник #ысыккөл #зынк #талас #ат #жылкы #тулпар #баткен#лазер #ахиллес #улак #бтр #extreme #ethnosport #ethnogames #чүй#элдиксурот

A post shared by КӨК БӨРҮ-КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ЖҮЗҮ (@kok.boru) on

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз