Өлкө аймагында зергерчилик буюмдарды контрабандалык жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти. Билдирүүгө ылайык, кечээ, 9-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосуз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен 1981-жылы туулган жаран кармалды. Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 килограммдан ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.