Товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгууга багытталган иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө  “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залынан Бишкек-Алматы-Дели багыты боюнча менен уча турган И.Г. аттуу  жаранды текшерип кароо учурунда колго жасалган сары металлдан 2  билерик буюму табылган. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Кармалган товар сары баалуу металлдан колго жасалган, жалпы салмагы 424,50 грамм болгон. Кармалган жаран баалуу металл алып бара жаткандыгы тууралуу бажыга декларация берген эмес.

Бул иш Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын аймагынан баалуу металлдарды алып кетүү тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу белгилери боюнча катталды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз