Кечээ эрте менен эки саат Манас аэропорту айрым бир себептерге байланыштуу жабылганы маалымдалган болчу. Ошол учурда аэропортко конуучу самолеттер Ош аэропортуна кондурулган. Анын себеби, “Манас” эл аралык аэропортуна чагылган түшкөндүгү андан учуп, конгон асвальтта бир аз оюк пайда пайда болуп, жарык берүүчү, үн чыгаруучу аппараттар бир аз жабыркаган. Аны тийешелүү кызматкерлер ошол учурда эле кайра калыбына келтиришкен. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Алия Курбанова маалымдоодо.

Ал маалыматтарга караганда, эч ким ал жерде жабыркаган эмес.

Учурда кечээги эрте мененки саат сегизден  баштап аэропорт кадимкидей иштеп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.