Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  япониялык эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) атынан «Манас» аэропортуна жабдууларды тапшыруу расмий салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр Япония Өкмөтүнө жана JICAга өлкөгө көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, бул долбоордун алкагында алынган техника жана жабдуулар учуулардын коопсуздугун камсыздоону жана «Манас» аэропортунун кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууну шарттай турганын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев: « Учурда Япония Өкмөтү тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам транспорттук секторду гана эмес, өлкө экономикасынын дээрлик бардык тармактарын: саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жааттарын да камтыйт. Япония Өкмөтүнүн кайтарымсыз жардамы аркасында биз заманбап навигациялык жабдууларды алдык. Эми «Манас» аэропорту көрүнүүнүн төмөнкү шарттарында учуулардын жогорку коопсуздугуна кепилдик бере алат. Потенциялы кеңири болгон «Манас» аэропорту өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуусу керек. Ал заманбап жана ыңгайлуу болушу зарыл, анткени өлкөгө келген чет элдик меймандардын алгачкы пикирлери дал ушул жерден калыптанат», – деп баса белгиледи.

Өкмөт башчы белгилегендей, техникалык жакшы жабдылган «Манас» аэропорту өлкөдө ири авиациялык хабды түзүүнүн негизи болот.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле «Манас» аэропорту чет элдик авиакомпаниялар үчүн чындап ыңгайлуу жана жагымдуу өнөктөш болушу үчүн өлкөнүн аба дарбазаларын башкаруу принциптерин реформалоо боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.