Үстүбуздөгү жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызматчыларынын саны (коргоо, коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоочу мамлекеттик органдардын маалыматтарын эсепке албаганда) 18 миңге жакын адамды түздү, алардын ичинен 40 пайызы аялдарга туура келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында  10 миңге жакын адам иштеген, алардын ичинен 8 миңден көбү муниципалдык кызматчылар болуп саналат. Муниципалдык кызматчылардын  жалпы санынын үчтөн көбүрөөк  бөлүгүн аялдар түзгөн.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз