Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы “Н.Ж.Б.”(Нурматова Жылдыз Байишевна) акча каражаттарын мыйзамсыз алууга катыштыгы бар экендиги аныкталып, УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы “Н.Ж.Б.” кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык аракеттерине барганы аныкталып, арыз ээсинин материалынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

2020-жылдын октябрында аталган «Н.Ж.Б.» ишеним менен “Ж.И.” аттуу жаранга компаниянын өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттарды өзүнө ыйгарып алган.
Мунун менен катар ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөткөн жана бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларын камсыз кылган. Аталган иш-аракеттерге мыйзамдуулукту берүү максатында, “Н.Ж.Б.” насыяланган каражаттарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен тиешелүү келишим түзгөн.

Мындан тышкары “Н.Ж.Б.” кызматтык бөлмөсүнөн жана жашаган жеринен жүргүзүлгөн тинтүү учурунда документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрүн, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылып алынды.
Азыркы учурда “Н.Ж.Б.” катышкан башка мыйзамсыз фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.