Батыш Африка өлкөлөрүнөн Малиде нөшөрлөгөн жамгырдан улам, сел каптап 13 киши каза болду.

Жарандык  коргоо директору полковник Сейду Думбия жергиликтүү басылмаларга Нигер дарыясынын жээктеринде ашыкча жамгыр жаашы жол ачкан селде 14 кишинин жаралангандыгын белгиледи.

Думбия селден улам аймактагы 15 миң 600 үйдүн зыян тарткандыгын айтты. Жетекчилер  уланып жаткан жамгырдын айынан болуп жаткан сел апааттарынын күч алары боюнча элди эскертишти.

Апаат координация иштеринин башкы директору Йайа Бубажар да селден жабыр таркандар үчүн убактылуу баш калкалоо мүмкүнчүлүгүн түзүшкөндөрүн белгиледи.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз